Кыргызстанда авиация өнүгүп, тармакка кызыккандар көбөйүүдө – студент

Коом
Кыргызстанда авиация өнүгүп, тармакка кызыккандар көбөйүүдө – студент
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда авиация тармагынын өнүгүшү жана институттун окуу шарттарынын жакшырышы жаштардын учкуч же башка авиация тармагындагы кесиптерге болгон кызыгуусун арттырууда. Бул тууралуу И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенти Өмүрзак Шадиев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 10 жыл мурда авиациялык колледжде окуп жүргөн мезгилге салыштырмалуу азыр студенттердин саны кыйла көбөйүп, тармакка кызыккандардын катары өсүүдө.

“Биз окуп жүргөндө студенттер өтө аз болчу. Азыр болсо тыныгуу учурунда коридорлор студенттерге толуп калат. Бул тармакка кызыккан жаштардын көбөйгөнүн көрсөтөт. Авиация багытынын өнүгүп жатканы бизге да чоң стимул берип, кесиптик жактан өсүүгө шыктандырат”, — деди ал.

Шадиевдин белгилешинче, акыркы жылдары авиация тармагында гана эмес, адистерди даярдоо багытында да өзгөрүүлөр байкалууда. Анын ичинде окуу деңгээли, жаңы технологиялар жана учкучтарды даярдоодо колдонулган практикалык машыгуулар өнүгүп жатат.

“Учурда 3-курста окуйм. Буга чейин 2013–2016-жылдары Кыргыз авиациялык колледж кезинде билим алып, алгачкы кесипке ээ болгом. Кийин кесибимди өзгөртүп, учкуч болуу үчүн кайрадан окуп жатам. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеп, куткаруу операцияларына жана коммерциялык учууларга катышып келем”,-деди ал.

Эскерте кетсек, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттерине лекция окууду.