Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кыргызстан түрк мамлекеттеринин футбол клубун түзүү жана түрк дүйнөсүнүн шахмат боюнча мелдештерин өнүктүрүү демилгелерин колдойт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмунун жаштар жана спорт министрлеринин 10-жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай демилгелер түрк мамлекеттеринин ортосундагы спорттук кызматташтыкты кеңейтип, достук жана бир туугандык мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт.
“Түркия Республикасынын түрк мамлекеттеринин футболдук клубун түзүү боюнча көтөргөн маанилүү демилгесин өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргызстан бул демилгени толугу менен колдойт. Футбол — миллиондордун оюну гана эмес, элдерди жакындаткан улуу күч”, — деди ал.
Ошондой эле Урмат Асанбаев түрк дүйнөсүнүн шахмат федерацияларын бириктирген түрк шахмат ассоциациясын түзүү демилгесин Кыргызстан колдой турганын белгиледи.
Анын маалыматына ылайык, 19-28-ноябрь күндөрү Казакстандын Түркстан шаарында өтө турган түрк дүйнөсүнүн шахмат боюнча мелдештерин жогорку деңгээлде өткөрүүгө ишеним чоң.
Мамлекеттик агенттиктин директору быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын да белгилеп, иш-чаранын ийгиликтүү уюштурулушу өлкө үчүн сыймык экенин айтты.
Ал белгилегендей, оюндардын ачылыш аземи “Бишкек Аренада” өтүп, мелдештер Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында уланган. Иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн 3 миңге жакын спортчу катышып, спорттун 43 түрү боюнча күч сынашкан.
Урмат Асанбаев түрк мамлекеттеринин спорт тармагындагы биргелешкен аракеттери жалпы маданий жана спорттук баалуулуктарды эл аралык деңгээлде жайылтууга, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кызмат кыларын белгиледи.
Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-жыйыны Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында өтүүдө.