Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү максатында 7 спорт комплексин куруу пландалууда. Алардын ар бир облуста бирден курулушу каралган. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда спорт комплекстерин курууга ылайыктуу жер тилкелери изделип, керектүү документтер даярдалууда.
, документтерди даярдап жатабыз. Андан кийин бардык документтер Курулуш министрлигине өткөрүлүп берилет. Спорт комплекстеринде эмнелер каралышы керектигин биз айтабыз, ал эми курулуш иштерин Курулуш министрлиги жүргүзөт", — деди Урмат Асанбаев.