Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова финалга чыкты.
68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан балбан жарым финалда монголиялык Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Буга чейин Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда индиялык Сришти аттуу балбанды 5:1 эсебинде утса, чейрек финалда америкалык Алексис Кеннеди Блэйдсти жеңген.