Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев алтын үчүн күрөшөт

Спорт
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал жарым финалда АКШнын өкүлү Зейн Аллен Резерфорд менен беттешип, атаандашын 3:2 эсебинде жеңди.

Балбан буга чейин 1/8 финалда канадалык Лахлан Макнил Мауристи 2:0, чейрек финалда түркиялык Ферхат Киличти 8:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

Эми Акматалиев алтын медаль үчүн күч сынашат.