Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Тайырбек Жумашбек уулу килемге чыгат

Спорт
Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Тайырбек Жумашбек уулу килемге чыгат
copyright icon WWW

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу бүгүн, 29-октябрда Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында килемге чыгат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал эркин күрөш боюнча 65 кг чейинки салмак категориясында күч сынашат.

Балбан мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгач Азербайжандын өкүлү Рашид Бабазаде менен беттешет.

Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.