Казакстандын ири шаарларында жагымсыз метеорологиялык шарттар күтүлүүдө

Борбор Азия
Казакстандын ири шаарларында жагымсыз метеорологиялык шарттар күтүлүүдө
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Казакстандын 10 шаарында жагымсыз метеорологиялык шарттар күтүлүүдө. Тургундарга көчөдөгү иштерин пландаштырууда аба ырайынын факторлорун эске алуу сунушталат, деп Казинформ басылмасы Казгидромет мамлекеттик ишканасына шилтеме менен билдирди.

Жезказган, Балхаш, Уральск, Атырау, Актөбө, Актау, Шымкент, Түркестан, Алматы жана Астана шаарларында атмосферада булгоочу заттардын топтолушуна өбөлгө түзгөн метеорологиялык шарттар күтүлүүдө. Жагымсыз метеорологиялык шарттардын пайда болушу калк жашаган аймактарда абанын сапатынын начарлашына алып келип, ден соолукка таасир этиши мүмкүн.

Абанын булгануусуна байланыштуу Казгидромет мамлекеттик ишканасы бир катар сактануу эрежелерин жарыялады.

Жогорудагы шаарлардын тургундары жана меймандары унаа жолдоруна же башка булгануу булактарына жакын жүрүү убактысын азайтуусу керек. Балдар жана кош бойлуу аялдар узак сейилдөөдөн алыс болуусу зарыл. Ал эми өнөкөт өпкө, жүрөк-кан тамыр же аллергиялык оорулары бар жарандардын сыртта жүргөндө керектүү дары-дармектери жанында болуусу шарт.

Ошондой эле көчөдө активдүүлүктү чектеп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жана спорттук иш-чараларды жабык спорт комплекстерде өткөрүү сунушталат.

Буга чейин дүйшөмбү, 2-ноябрга карата Казакстандын 16 аймагында бороон болору тууралуу эскертүү жарыяланган.