Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп, анда чек арадагы көйгөйлөр, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 63% өсүп, 2,4 млрд долларга жеткен. Ал эми 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстандын Казакстанга экспорту дээрлик 14% көбөйгөн.
Ошол эле учурда чек арадагы тоскоолдуктар ишкерлерге кыйынчылык жаратууда. Жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу унаалар Казакстандын аймагына өтө албай, узак убакыт кезек күтүүгө мажбур болууда. Мунун кесепетинен товарлар бузулуп, жеткирүү мөөнөттөрү кечигип, ишкерлер чыгымга учурап жатканы белгиленди. Чек арадан өтүүдөгү кыйынчылыктар Ысык-Көлгө келген туристтерге да таасирин тийгизүүдө.
Жыйында ишкерлердин кайрылууларын биргелешип чогултуп, эки өлкөнүн өкмөттөрүнө макулдашылган сунуштарды киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Ошондой эле чек арадагы сегиз өткөрмө пунктун модернизациялоо боюнча иштердин мааниси белгиленди.
Мындан тышкары, “Кара-Суу” — “Ак-Тилек” индустриялык соода-логистикалык комплексин өнүктүрүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү жана “Ишкананын санариптик паспорту” демилгесин ишке ашыруу маселелери каралды.
Жыйындын алкагында өнөр жай кооперациясы, транспорт, логистика, айыл чарба жана туризм тармактарындагы кызматташтык талкууланып, ишкерлердин ортосунда B2B жолугушууларын өткөрүү каралды.