Кыргыз-казак аймактар аралык II форуму: Өнөктөштүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Саясат
6ae44bd040e85-thumb.jpeg
6ae44bd72d6b3-thumb.jpeg
6ae44be5bb892-thumb.jpeg
6ae44be5d0ccc-thumb.jpeg
6ae44be5e7d16-thumb.jpeg
6ae44be5f1caf-thumb.jpeg
6ae44be60f6e1-thumb.jpeg
6ae44be62e80a-thumb.jpeg
6ae44be63adb5-thumb.jpeg
6ae44be66a5f3-thumb.jpeg
6ae44be66b68f-thumb.jpeg
6ae44be65384e-thumb.jpeg
6ae44be69139b-thumb.jpeg
6ae44be622950-thumb.jpeg
6ae44be646801-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6ae44bd040e85-thumb.jpeg
6ae44bd72d6b3-thumb.jpeg
6ae44be5bb892-thumb.jpeg
6ae44be5d0ccc-thumb.jpeg
6ae44be5e7d16-thumb.jpeg
6ae44be5f1caf-thumb.jpeg
6ae44be60f6e1-thumb.jpeg
6ae44be62e80a-thumb.jpeg
6ae44be63adb5-thumb.jpeg
6ae44be66a5f3-thumb.jpeg
6ae44be66b68f-thumb.jpeg
6ae44be65384e-thumb.jpeg
6ae44be69139b-thumb.jpeg
6ae44be622950-thumb.jpeg
6ae44be646801-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумунун ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга расмий сапар менен келген. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынын саясий эрки жана колдоосунун аркасында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык ырааттуу чыңдалып жатканын белгиледи. 2024-жылы кол коюлган Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим бардык негизги багыттар боюнча кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 

“Мамлекет башчыларыбыз тарабынан 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданын көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү боюнча так максат коюлган. Бул жагынан алганда, биз эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү механизми катары калыптанып жаткан Экинчи аймактар аралык форумга өзгөчө маани беребиз. Бүгүн Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары Казакстандын Алматы, Жети-Суу, Чыгыш Казакстан, Түркстан, Караганда жана Кызыл-Ордо облустары менен макулдашууларга кол коюуда. Биз өз ара соодаланган товарлардын түрлөрүн кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз”, — деди ал. 

Адылбек Касымалиев аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир катар биргелешкен долбоорлорду белгиледи. Алардын катарына “Ак-Тилек – Кара-Суу” көзөмөл өткөрүү пункттарынын аймагындагы индустриалдык соода-логистикалык комплекс, ошондой эле Алматы шаарына жакын жайгашкан продуктуларды дүңүнөн-бөлүштүрүү борбору кирет. 

“Бүгүн биздин алдыбызда маанилүү милдет турат, мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин аймактык деңгээлдеги натыйжалуу жыйынтыктарга айландыруу, биргелешкен инвестициялык демилгелердин ишке ашырылышын камсыз кылуу, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара сооданы кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү. Андыктан, мен аймактардын өздөрү кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бирине айланышы керек деп эсептейм. Бул форумдун алкагында жетишилген макулдашуулар практикалык кадамдар менен коштолуп, туруктуу өнөктөштүккө жана узак мөөнөттүү келишимдерге айланат деп ишенем”, — деп жыйынтыктады ал.

Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аны эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды бекемдөө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн натыйжалуу аянтча катары мүнөздөдү. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилеп, казак тараптын биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.