Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Амантур Исмаилов менен жолугуп, спортчуну жеңиши менен куттуктады.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облус башчысы балбандын ийгилиги Манас шаарынын, Жалал-Абад облусунун жана жалпы Кыргызстандын сыймыгы экенин белгилеп, анын машыктыруучусу менен ата-энесине ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Амантур Исмаилов Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында 72 кг салмак категориясында күч сынашып, коло медаль үчүн беттеште россиялык атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Спортчунун жетишкендиги үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 150 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды. Ал эми балбандын машыктыруучусу Чыңгыз Пиримкулов 45 миң сом менен сыйланды.