Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди

Спорт
be9df681-d23e-4f56-96b3-55641729cc62.jpeg
IMG_4687.jpeg
Алдыга
Артка
be9df681-d23e-4f56-96b3-55641729cc62.jpeg
IMG_4687.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев Астанада өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалын жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, финалдык беттеште кыргызстандык балбан Россиянын өкүлү Ибрагим Ибрагимов менен күч сынашып, 2:5 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Жыйынтыгында дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи.

Эрназар Акматалиев мелдештеги жүрүшүн 30-октябрда баштаган. Финалга чейин ал үч жеңишке жетишкен.

1/8 финалда Канаданын өкүлү Лахлан Макнил Мауристи 2:0 эсебинде жеңген.

Чейрек финалда болсо, түркиялык спортчу Ферхат Киличти 8:3 эсебинде уткан.

Жарым финалда кыргызстандык балбан АКШнын өкүлү Зейн Аллен Резерфордду 3:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган болчу.