Бишкек, 21.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы заманбап үлгүдө курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Турукташтыруу фондунан каржыланып жатат. Жаңы спорт комплексинде олимпиадалык стандарттарга жооп берген жабык бассейн, машыгуу бассейни жана 560 орундуу көрүүчүлөр трибунасы каралган.
Мындан тышкары, ачык футбол стадиону, эки кичи футбол, эки баскетбол аянтчасы жана пляж футболу үчүн бир аянтча курулат.
Курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө курулуш аянтында котлован казуу иштери аяктап, бетон куюу иштери аткарылып жатат.