Чет өлкөдө ойногон 7 футболчу жана жаңы ареналар: : Кыргыз футболунун келечеги

Спорт
Чет өлкөдө ойногон 7 футболчу жана жаңы ареналар: : Кыргыз футболунун келечеги
copyright icon www
Кабар редакциясы

Кыргызстанда футбол стадиондорун, машыгуу базаларын жана спорт аянтчаларын куруу, оңдоо иштери уланууда. Акыркы жылдары 20га жакын жаңыланган стадион пайдаланууга берилип, алдыдагы эки жылда дагы 20га жакын объектти аяктоо пландалууда. Алардын арасындагы ири спорттук объектилердин бири — “Талас Арена”. Анын ачылышы аймакта футболдук мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Өлкөдө спорттук инфраструктуранын жаңыланышы массалык жана кесипкөй футболдун өнүгүшүнө кандай таасир этүүдө? Дагы кандай маселелерди чечүү зарыл? Кыргызстандык канча футболчу чет өлкөлөрдө ойноп жүрөт? Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин материалында.

Аймактардагы стадиондордон заманбап футбол ареналарына чейин

Футбол дүйнөдөгү эң популярдуу спорт түрлөрүнүн бири экендиги маалым. Анын өнүгүшү оюнчулардын чеберчилигинен жана машыктыруучулардын эмгегинен гана эмес, машыгууга жана мелдеш өткөрүүгө ылайыктуу шарттардан да көз каранды. Ал үчүн сапаттуу футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, жарыктандыруу, көрүүчүлөр үчүн трибуналар жана башка шарттар зарыл.

Акыркы жылдары Кыргызстанда футбол инфраструктурасын жаңылоо иштери күч алды. Бул иштер ири шаарларда гана эмес, аймактарда да жүргүзүлүүдө. Учурда эски стадиондор оңдолуп, жаңы спорттук объектилер курулуп, футбол талаалары жабдылууда.

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков “Кабар” агенттигине билдиргендей, спорттук инфраструктураны жаңылоо программасынын алкагында төрт жыл ичинде өлкөнүн 40 районун жана 30 шаарын камтуу пландалууда.

Анын айтымында, учурда 20га жакын стадиондун курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктады. Алдыдагы эки жылда дагы 20га жакын спорттук объектти пайдаланууга берүү пландалууда.

Учурда Токмок шаарында, Нарын шаарында жана Кочкор районунда курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Баткен, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Кербен шаарларындагы спорттук объектилер жаңыланууда. Стадиондордун айрымдарын кийинки жылы пайдаланууга берүү каралган.

Сыдыков белгилегендей, алгач футболго басым жасалган шаарлардагы стадиондорго көңүл бурула баштаган. Кийинки этапта Кыргызстандагы бардык район борборлорунда жана шаарларда стадиондорду оңдоо жана кайра куруу пландалууда.

Мунун максаты — ири стадиондорду куруу менен гана чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарында жашоочулар футбол менен машыгып, мелдештерди өз жеринде өткөрө алышы үчүн шарт түзүү.

Беш жылда 65 спорттук объект курулган

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2021–2025-жылдары Кыргызстанда 936 социалдык объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөн. Алардын 65и спорттук объектилер. Бул беш жыл ичинде социалдык объектилерди курууга жана оңдоого 50 млрд сомдон ашык каражат жумшалган.

Ал эми 2026-жылдын 9 айында дагы 9 спорттук объекттин курулушу аяктады. Алардын алтоо Жалал-Абад, экөө Ош жана бири Талас облусунда жайгашкан.

Белгилей кетсек, бул статистика жалпы спорттук объектилерди камтыйт. Алардын баары эле футбол стадиондору же талаалары эмес.

Ал эми футбол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында Кыргыз футбол биримдиги жергиликтүү бийлик органдары жана футбол клубдары менен биргеликте иш алып барууда. Акыркы жылдары Манас шаарындагы “Курманбек” стадиону жаңыланып, Беш-Күңгөй айылында “Достук Арена” курулду. Ошондой эле Бишкек, Кант, Кара-Балта, Ош шаарларында жана башка калктуу конуштарда спорттук комплекстер өнүктүрүлдү.

2024-жылы “Курманбек” стадионунун футбол талаасына гибриддик газон төшөлүп, заманбап жарыктандыруу системасы орнотулган. Мындан тышкары, көрүүчүлөр отурган трибуналар жана алардын алдындагы бөлмөлөр оңдолгон. Стадион 5 миңге жакын көрүүчүгө ылайыкталган. Учурда ал “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу аянтчасы болуп саналат.

2025-жылы Беш-Күңгөй айылында “Достук Арена” стадиону пайдаланууга берилди. Ал 2,5 миңге жакын көрүүчүгө ылайыкталган. Стадиондун аймагында футбол талаалары, жарыктандыруу системасы жана спорт менен машыгууга керектүү шарттар каралган.

Мындан тышкары, футбол клубдарынын машыгуу талаалары да жаңыланган. Алардын катарында “Нефтчи”, “Алай”, “Абдыш-Ата” клубдарынын, Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын, “Алга” жана “Дордой” спорттук комплекстеринин талаалары бар. Ошондой эле бир катар калктуу конуштарда кичи футбол ойноого ылайыкталган аянтчалар курулду.

2025-жылы Кыргыз футбол биримдиги Малтабар жана Кызыл-Сеңир айылдарында кичи футбол аянтчалары куруларын билдирген. Ал эми 2026-жылдын башында Күн-Туу айылында ушундай эле футбол аянтчасынын курулушу аяктаган.

“Талас Арена” — аймак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Футбол инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуялардын бири — 2-ноябрда Талас шаарында борбордук “Талас Арена” стадионунун ачылышы болду.

Жаңы стадион 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Негизги футбол талаасына гибриддик газон төшөлүп, автоматтык сугаруу системасы орнотулган. Ошондой эле стадиондун аймагында эки машыгуу талаасы, кичи футбол үчүн 3 аянтча жана заманбап жарыктандыруу системасы бар.

Мындан тышкары, мелдештерди өткөрүүгө жана адистердин иштөөсүнө ылайыкталган бөлмөлөр, көрүүчүлөр үчүн бардык зарыл шарттар каралган. “Талас Арена” мындан ары “Азия” футбол клубунун машыгуу стадиону болот.

Анын ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров футболду өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарынын бири экенин белгиледи. Өлкө башчысынын айтымында, 2034-жылга чейинки улуттук программанын негизги максаттарынын бири — футбол инфраструктурасын жаңылоо, жаш таланттарды табуу жана калктын спорт менен кеңири машыгуусуна шарт түзүү.

“Бул стадиондун чыныгы баалуулугу бул жерде канча бала футбол ойной турганы, канча жаш талант өз жөндөмүн көрсөтүп, чоң жеңиштерге карай жол ача турганы менен өлчөнөт. Ошондуктан жаңы стадиондун эшиги балдар, өспүрүмдөр, жаш футболчулар жана спортту сүйгөн бардык адамдар үчүн дайыма ачык болушу керек”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президенттин айтымында, стадиондо расмий мелдештерди, эл аралык беттештерди жана башка ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө болот.

“Талас Арена” стадионунун ачылышы футбол клубу үчүн гана эмес, бүтүндөй аймак үчүн маанилүү. Заманбап стадион Талас шаарында футболдук беттештерди жана турнирлерди өткөрүүгө, коңшу райондордон көрүүчүлөрдү тартууга жана жергиликтүү спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.

Эми стадионду натыйжалуу башкаруу, анын абалын жакшы сактоо жана үзгүлтүксүз пайдалануу маанилүү. Ал футболду өнүктүргөн борборго айланышы үчүн ири иш-чаралар учурунда гана эмес, балдар жана жаштар командаларынын күнүмдүк машыгуулары үчүн да колдонулушу керек.

“Бишкек Арена” — өлкөдөгү эң ири стадион

Кыргызстандагы эң ири спорттук объектилердин бири — 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” стадиону. Ал 5-октябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий ачылган. Буга чейин, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн.

“Бишкек Арена” FIFA жана AFC уюмдарынын эл аралык талаптарына жооп берет. Бул жерде эл аралык деңгээлдеги футболдук беттештерди, дүйнөлүк масштабдагы шоу-программаларды жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө болот. Стадиондун ачылышы Кыргызстанга эл аралык спорттук мелдештерди жана маданий иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Кайсы стадиондордо эл аралык мелдештерди өткөрүүгө болот?

Спорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө стадиондордун санын көбөйтүү гана эмес, алардын техникалык жабдылышын жана сапатын жакшыртуу да маанилүү.

Кыргыз футбол биримдигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө Азия футбол конфедерациясы (AFC) жана Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) талаптарына Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион, Ош шаарындагы А. Сүйүнбаев атындагы стадион, Манас шаарындагы “Курманбек” стадиону, Чүй облусундагы “Достук” стадиону жана Бишкектеги “Алга” спорт комплекси ылайыктуу.

Ошол эле учурда стадиондорго коюлган талаптар мелдештин түрүнө, форматына жана катышуучулардын жаш курагына жараша өзгөрөт. Эл аралык беттештерди өткөрүүдө футбол талаасынын абалы, жарыктандыруу, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, коопсуздук, көрүүчүлөр, калыстар, медицина кызматкерлери жана журналисттер үчүн түзүлгөн шарттар эске алынат.

Медербек Сыдыковдун айтымында, Кыргызстан Азия кубогунун тандоо баскычындагы беттештерди гана эмес, континенттик чемпионаттардын финалдык баскычтарын да өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

2026-жылдын жазында Кыргыз футбол биримдиги 23 жашка чейинки улуттук курама командалар арасындагы Азия кубогунун финалдык баскычын өткөрүү боюнча арыз берген. Бул мелдешти өткөрүүгө Кыргызстан менен катар Иордания, Катар, Өзбекстан жана Япония да талапкер болгон. Жыйынтыгында мелдешти өткөрүү укугу Японияга берилген.

Ошол эле учурда Кыргыз футбол биримдиги өлкөдө эл аралык мелдештерди өткөрүү боюнча иштерин улантууда. Атап айтканда, 2028-жылы футзал боюнча Азия кубогунун финалдык баскычын өткөрүү үчүн да арыз берилген.

Сыдыков белгилегендей, мындай мелдештерди өткөрүү өлкөнүн ири спорттук иш-чараларды уюштурууга даярдыгын көрсөтүп гана тим болбостон, футболдун кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана аны эл арасында кеңири жайылтууга да жардам берет.

Стадиондор — өнүгүүнүн башаты гана

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков “Кабар” агенттигине футболду өнүктүрүү үчүн бардык багытта бирдей иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, футболду өнүктүрүүдөгү алгачкы кадамдардын бири — спорттук базаны жаңылоо. Анткени буга чейин аймактардагы жана ири шаарлардагы көптөгөн стадиондор заманбап талаптарга жооп берчү эмес.

Ал президент Садыр Жапаровдун жакында Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушууда айткан сөздөрүн эске салды.

"Мамлекет башчысы айыл жергесинде футбол инфраструктурасын өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, өлкөдө кичи футбол аянтчалары курулуп жатканын жана жакынкы бир-эки жылда алар бардык айылдарда пайда болору пландалып жатканын айткан. Ири стадиондорду куруу менен катар, адамдар үйүнө жакын жерде футбол ойной алышы үчүн да шарт түзүү зарыл.
Ар бир айылда футбол ойноого ылайыкталган чакан аянтча болушу керек. Жаштар күндүз иштеп, чарба менен алектенишет. Ал эми кечинде келип футбол ойной алышы үчүн шарт түзүү зарыл. Аянтчаларга жарык орнотуп, бир нече саат машыгууга мүмкүнчүлүк берилсе, бул абдан пайдалуу болмок. Мындай чакан аянтчалардан келечекте мыкты футболчулар чыгышы мүмкүн”, — дейт ал.

Салымбековдун пикиринде, стадиондорду куруу менен катар футбол академияларын өнүктүрүү, машыктыруучуларды жана калыстарды даярдоо, спорттук медицинаны жакшыртуу жана машыгуунун заманбап ыкмаларын киргизүү зарыл.

“16 клубдун ар биринин өзүнүн футбол академиясы болсо, жакшы жыйынтык берет. Азыр командаларды толук курам менен камсыз кылууга да футболчулар жетишпей жатат. Ошондуктан жаш оюнчуларды даярдоону бүгүндөн баштоо керек. Бул 10–15 жылдан кийин футболубуздун деңгээлин көтөрүшү мүмкүн”, — деди ал.

Ошондой эле Салымбеков машыктыруучулар менен калыстардын билимин жогорулатуу, чет элдик адистер менен тажрыйба алмашуу жана спорттук медицинаны өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.

Ал белгилегендей, инфраструктураны жаңылоонун натыйжасы курулган стадиондордун саны менен гана эмес, футболдун сапаты, оюнчулардын даярдыгы жана улуттук командалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү менен да бааланышы керек.

Улуттук кураманын 7 оюнчусу чет өлкөдө ойноп жүрөт

Улуттук футболдун өнүгүшүн көрсөткөн көрсөткүчтөрдүн бири — кыргызстандык футболчулардын чет өлкөлүк чемпионаттарга катышуусу.

Кыргыз футбол бирлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын улуттук курама командасынын негизги курамындагы 7 футболчу чет өлкөлүк клубдарда ойноп жүрөт.

Белгиленгендей, чет өлкөлүк чемпионаттарда ойноо футболчуларга эл аралык тажрыйба топтоого, жеке чеберчилигин өркүндөтүүгө, тактикалык жана физикалык даярдыгын жакшыртууга, ошондой эле ар кандай оюн ыкмаларына көнүүгө жардам берет.

Мындай футболчулар улуттук курама командага кошулганда, топтогон тажрыйбасын командалаштары менен бөлүшө алышат. Мындан тышкары, алардын чет өлкөлүк клубдарда ойношу эл аралык деңгээлде кесипкөй футболчу болууну көздөгөн жаш кыргызстандык оюнчуларга да дем берет. Ошол эле учурда өлкө футболун өнүктүрүү үчүн жергиликтүү оюнчуларды өз өлкөбүздө даярдоого шарт түзүү зарыл. Бул иш балдар футбол секцияларынан жана академиялардан башталып, кесипкөй клубдарга чейин уланууга тийиш.

Күйөрмандар жана футбол маданияты: стадион көрүүчүлөргө толушу керек

Заманбап стадиондорду куруу эле футболдук беттештерге болгон кызыгууну арттыра албайт. Клубдарды колдоо жана оюндарга үзгүлтүксүз барып туруу маданиятын калыптандыруу да маанилүү.

Футбол күйөрманы, актер Актан Рыскелдиев улуттук курама команда менен клубдук футболго көрүүчүлөрдүн кызыгуусунда айырма бар экенине көңүл бурат.

Анын айтымында, Кыргызстандын улуттук курамасы оюн өткөргөндө күйөрмандар стадиондорго активдүү келишет. Жаштар командаларынын беттештерине да кызыгуу бар. Бирок клубдар арасындагы мелдештерге азырынча мынчалык көп көрүүчү келе бербейт.

"Кыргызстандын курама командасы ойногондо күйөрмандар стадиондорго чогулуп, оюнчуларды колдошот. Бирок клубдардын беттештеринде стадиондор көп учурда жарымына да толбой калат. Азырынча бизде өз клубун, өз аймагынын командасын колдоо маданияты жетиштүү өнүгө элек", — деди Рыскелдиев.

Анын пикиринде, эл курама команданы гана эмес, жергиликтүү клубдарды да колдоп, алардын оюндарын көрүп, жыйынтыгына кызыгып турушу керек.

Ошондой эле күйөрмандарды стадионго тартуу үчүн анын айланасындагы шарттарды жакшыртуу, кошумча иш-чараларды уюштуруу, билеттердин баасын жеткиликтүү кылуу жана футболчулар тууралуу маалыматтарды көбүрөк жайылтуу зарыл.

Мындан тышкары, улуттук курама команданын оюнчуларын жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири таанытуу маанилүү экенин белгиледи.

"Балдарыбыздан чоңойгондо ким болгуң келет деп сурасаң, Роналду, Месси, Мбаппе болгусу келерин айтышат. Бирок алар Гүлжигит Алыкулов, Валерий Кичин сыяктуу кыргызстандык футболчуларга да окшошкусу келиши керек. Бул үчүн биздин оюнчулар тууралуу көп айтып, аларды күйөрмандарга таанытып, элге кеңири жайылтуу зарыл", — деп эсептейт Рыскелдиев.

Ал балдар футболун өнүктүрүүдө чакан клубдардын абалына да көңүл буруу керектигин айтты. Мындай клубдардын көбүнүн өз базасы жок болгондуктан, балдар чакан аянтчаларда машыгууга аргасыз болушат. Мындан улам аларды чоң футбол талаасында өтүүчү оюндарга даярдоо кыйынга турат. Ошондуктан ири академияларга гана эмес, таланттуу балдар тарбияланып жаткан чакан клубдарга да колдоо көрсөтүп, машыгууга шарт түзүү зарыл.

"Футбол элдик спорт болушу үчүн аны менен машыгуу ар бир үй-бүлө үчүн жеткиликтүү болушу керек. Чакан балдар клубдарын колдоп, машыктыруучуларга жардам берип, балдардын сапаттуу талааларда машыгуусуна шарт түзүү зарыл", — деп баса белгиледи ал.

Көз карандысыз эксперт: инфраструктура футболдун сапатына таасир этет

Спорттук баяндамачы Жолдош Исаков "Кабар" агенттигине берген маегинде клубдардын жана улуттук курама командалардын жыйынтыгы футболдук инфраструктуранын өнүгүшү менен түздөн-түз байланыштуу экенин билдирди.

Анын айтымында, сапаттуу футбол талаалары жана заманбап стадиондор оюнчуларга өз мүмкүнчүлүктөрүн толук көрсөтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле беттештердин кызыктуулугун арттырып, күйөрмандардын футболго болгон кызыгуусун күчөтөт.

"Клубдардын жана курама командалардын жыйынтыгы футболдук инфраструктуранын өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу. Сапаттуу талаалар жана заманбап стадиондор оюнчуларга мыкты оюн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада оюндун сапаты жана көрүүчүлөр үчүн кызыктуулугу жогорулайт. Бул өз кезегинде күйөрмандардын кызыгуусун арттырат", — деди Исаков.

Ал буга чейин өлкөдөгү футболдук инфраструктуранын абалы жакшы болбогонун эске салды. Ал белгилегендей, күчтүү оюнчулар да талапка жооп бербеген талааларда сапаттуу оюн көрсөтө алышпайт.

Баяндамачы ошондой эле, жогорку лигада ойногон клубдардын саны көбөйүп, командалар арасындагы атаандаштык күчөгөнүн белгиледи. Анын пикиринде, бул күчтүү чет элдик футболчуларды тартууга жана өлкө чемпионатынын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Муну менен катар, Исаков мамлекеттик колдоо кесипкөй клубдар менен гана чектелбестен, шаарлардагы жана айылдардагы чакан командаларга да көрсөтүлүшү керек деп эсептейт.

"Мамлекет өлкөбүздүн шаарларында жана айылдарында иштеген кесипкөй эмес клубдарды өнүктүрүүгө көбүрөк көңүл бурат деп ишенем. Азырынча футбол менен машыккан бардык жарандар жеринде сапаттуу инфраструктураны пайдалана алышпайт. Ошондой эле келечектеги чемпиондорду тарбиялап жаткан балдар клубдарына жана машыктыруучуларга атайын каржылык колдоо көрсөтүү зарыл", — деп баса белгиледи ал.

2034-жылга чейинки улуттук программа: милдеттер жана келечек

Кыргызстанда футболду мындан ары өнүктүрүү 2026–2034-жылдарга карата улуттук программада каралган. Ал президенттин жарлыгы менен бекитилген.

Документ калктын футбол менен үзгүлтүксүз машыгуусуна шарт түзүүгө, спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.

Программада футболдук инфраструктураны, балдар-өспүрүмдөр, аялдар жана жалпы элдик футболду өнүктүрүү, машыктыруучуларды даярдоо системасын жакшыртуу, академияларды колдоо жана улуттук мелдештердин деңгээлин жогорулатуу каралган.

Аны ишке ашыруу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Кыргыз футбол биримдигине жүктөлгөн. Алар жыл сайын иш-чаралардын планын түзүп, анын аткарылышы боюнча отчёт берип турушу керек.

Жалпысынан алганда, Кыргызстанда футболдук инфраструктураны өнүктүрүү спорттук жайларды куруу менен гана чектелбейт. Жаңы стадиондор жана футбол аянтчалары массалык спортту жайылтууга, жаш оюнчуларды даярдоого, кесипкөй клубдарды өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө негиз болушу керек.

Бул иштердин натыйжасы курулган объектилердин саны менен гана эмес, алардын канчалык деңгээлде пайдаланылып жатканы, канча бала футбол менен машыгууга мүмкүнчүлүк алганы, жаңы кесипкөй оюнчулардын чыгышы жана жергиликтүү клубдардын өз күйөрмандарын стадионго тарта алышы менен да бааланат.

Футбол коомчулугунун өкүлдөрү белгилегендей, заманбап стадиондор спортту өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзөт. Бирок узак мөөнөттүү натыйжага жетүү үчүн стадион куруу менен катар футболчуларды системалуу даярдоо, машыктыруучуларды жана балдар клубдарын колдоо, спорттук медицинаны өнүктүрүү жана күйөрмандык маданиятты калыптандыруу да маанилүү.