Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда борбордук стадиондорду реконструкциялоо жана жаңыларын куруу иштери уланууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы кабыл алынган президенттин жарлыгынын алкагында төрт жыл ичинде өлкөнүн 40 районунда жана 30 шаарында спорттук инфраструктураны жаңылоо пландалган.
"Бүгүнкү күндө 20га жакын стадиондун курулушу жана реконструкциясы аяктады. Кийинки эки жылда дагы 20га жакын объектти пайдаланууга берүү пландалууда.
Учурда Токмок, Нарын шаарларында жана Кочкор районунда курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Баткен, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Кербен шаарларында иштер уланууда. Айрым объекттер кийинки жылы пайдаланууга берилет. Үлгүрсөк, Токмоктогу стадионду ноябрь айында тапшырууну пландап жатабыз", - деди ал.
Сыдыков алгачкы этапта футболдук салттары калыптанган шаарларга артыкчылык берилгенин белгиледи. Келечекте өлкөдөгү бардык район борборлорунда жана шаарларда стадиондорду оңдоо жана реконструкциялоо пландалып жатканын кошумчалады.