Сокулуктун Белек айылында көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курула баштады

Аймак
Сокулуктун Белек айылында көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курула баштады
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү үчүн ат майданы жана көк бөрү боюнча мелдештерге арналган стадион өз-өзүнчө курулат.

“Чүй облусунун 100 жылдыгын өткөрүүгө чейин биз ал жерге эки-үч жолу барып, жеринен таанышып келгенбиз. Стадиондун курулушун Бишкек шаардык мэриясы жүргүзмөкчү. Көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион да курула баштады. Ал жердин аймагы абдан чоң, болжол менен 40 гектарды түзөт. Ошол жерде ат чабыштар үчүн ат майданы өзүнчө, көк бөрү үчүн стадион өзүнчө болот. Ошентип, эки объект бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Негизинен стадион президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мэрия тарабынан курулат”, — деди ал.