Талас, 02.11.26 /Кабар/. Бүгүн Талас шаарында ачылган жаңы "Талас Арена" стадиону 5,1 миң көрүүчүгө ылайыкталып, эл аралык футбол турнирлерин өткөрүү талаптарына толук жооп берет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, стадиондун курулушу 2025-жылдын апрель айында башталган. Объект ушул жылдын октябрь айында толук бүткөрүлүп, андан соң расмий ачылышы болуп, календардык оюн өткөрүлгөн.
Стадион заманбап инфратүзүм менен жабдылган. Анда төрт VIP-зона, көрүүчүлөр үчүн VIP-орундар, ЖМК өкүлдөрү үчүн атайын орундар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ылайыкташтырылган шарттар каралган. Мындан сырткары, стадиондун кире беришинде жергиликтүү тургундар үчүн фитнес-зал жабдылган.
Комплекстин экинчи кабатында 12 бөлмөдөн туруп, 48 адамды кабыл алууга ылайыкташкан мейманкана жайгашкан. Бул футбол командаларын мелдештер жана машыгуу жыйындары учурунда тосуп алууга чоң шарт түзөт.
Үчүнчү кабатта VIP-зоналар, өзүнчө бөлмөлөр жана кабинеттер орун алган. Журналисттер, комментаторлор жана операторлор үчүн футбол оюндарын чагылдырууга жана иштөөгө бардык зарыл шарттар түзүлдү.
Медербек Сыдыков белгилегендей, "Талас Арена" стадиону ички мелдештерди гана өткөрбөстөн, эл аралык турнирлерди кабыл алууга да толук ылайыкталган.