Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Быйыл Талас облусунда 29 объектинин курулушу аяктап, 6 өндүрүш объектиси ишке кирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, курулушу аяктаган объектилердин катарында "Акылман" лицейи, "Баластан" борбору, "Манас Ордо" жана "Айтматов ааламы" комплекстери, Нуржанов аллеясы, ошондой эле бир катар мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо, маданият жана өндүрүш объектилери бар.
“Өндүрүш ишканаларына токтолсок, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктарды өндүрүүчү “Адис” нан ишканасы, “Гранит Транс Сервис” асфальт-бетон заводу, “Кең-Арал” кыш чыгаруучу ишканасы, “Талас Эко Фуд” төө бурчакты кайра иштетүү ишканасы, “Нур КапСтрой” асфальт-бетон заводу, “Күркүрөө” курулуш материалдарын өндүрүү ишканасы”,- деди мамлекет башчысы.
Ишке кирген 6 өндүрүш объектисине салынган инвестициянын жалпы көлөмү 8,1 млн АКШ долларын түзүп, 325 жумуш орду түзүлгөнү маалымдалды.