Талас шаарында 9,5 миң батирлүү турак жай комплекси курулууда

Аймак
Талас шаарында 9,5 миң батирлүү турак жай комплекси курулууда
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Талас шаарында 9 миң 495 батирге эсептелген 11 блоктон турган турак жай комплекси курулуп жатканын президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда маалымдады.

Мамлекет башчысынын айтымында, курулуш эмки жылдын аягына чейин аяктаса, батирлер этап-этабы менен пайдаланууга берилмекчи.

"Кийинки жылдын соңуна чейин үйлөрдүн курулушу бүтүп калса, батирлерди дагы четинен тапшырып беребиз", — деди Жапаров.

Президент ошондой эле Талас облусунда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай алуу үчүн 1 миң 659 жаран кезекте турганын маалымдады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 319 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.