Күз – жаратылыштын түркүн түскө боёлгон өзгөчө мезгили. Саргайган жалбырактар, салкын жел жана күндүн акырындык менен суукташы айланага өзгөчө көрк тартуулайт.
"Кабар" агенттиги күздүн кооздугун чагылдырган көз ирмемдерди сүрөткө түшүрдү. Анда жылдын ушул мезгилине мүнөздүү кооз көрүнүштөр камтылган.