Ош шаары күзгү өзгөчө кооздукка бөлөнүп, көчөлөрү менен сейил бактары алтын түстүү жалбырактарга оронду. Жаратылыштын түркүн түскө боёлгон бул мезгили шаарга өзгөчө көрк берип, жагымдуу маанай тартуулайт.
Ош шаарынын мэриясы күздүн кооз ирмемдерин чагылдырган сүрөттөрдү жарыялады. Сүрөттөрдөн Ош шаарынын күзгү ажайып көрүнүштөрүн көрүүгө болот.