Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы ноябрь айында өлкөдө боло турган аба ырайынын божомолун таратты. Анда белгиленгендей, абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, айрым жерлерде жогору болушу күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында айлык орточо температура +6…+8 градус, тоо этектеринде +4…+6 градус болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык норманын чегинде, айрым жерлерде арбын болот.
Чүй облусу
Облуста түнкүсүн абанын температурасы -1 градустан +10 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир түндөрү -2…-7 градуска чейин суук болушу мүмкүн. Күндүз абанын температурасы +5…+18 градус жылуу болуп, айрым күндөрү -1…+4 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми кээ бир күндөрү +19…+24 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү 41–47 мм, тоо этектеринде 23–39 ммге жетет.
Талас облусу
Таласта айлык орточо температура 1–1,5, ал эми айрым жерлерде 2–4 градус жылуу болот. Түнкүсүн -2 градустан +9 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир түндөрү -3…-8 градуска чейин суук болушу мүмкүн. Күндүз +4…+16 градус жылуу болот. Айрым күндөрү -2 градустан +3 градуска чейин төмөндөп, кээ бир күндөрү +17…+22 градуска чейин жогорулашы күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү 28–29 ммге жетет.
Ош облусу
Түнкүсүн абанын температурасы +2…+13 градус болуп, айрым түндөрү -4…+1 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +8…+19 градус жылуу болуп, кээ бир күндөрү +2…+7 градуска чейин төмөндөп, +20…+25 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө 29–72 мм, тоо этектериндеги райондордо 29–42 ммге жетет.
Жалал-Абад облусу
Түнкүсүн абанын температурасы +2…+13 градус болуп, айрым түндөрү -4…+1 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +8…+19 градус жылуу болуп, кээ бир күндөрү +2…+7 градуска чейин төмөндөп, +20…+25 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө 61–63 мм, тоо этектериндеги райондордо 54–103 ммге жетет.
Баткен облусу
Түнкүсүн абанын температурасы +2…+13 градус болуп, айрым түндөрү -4…+1 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +8…+19 градус жылуу болуп, кээ бир күндөрү +2…+7 градуска чейин төмөндөп, +20…+25 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө 14–16 мм, тоо этектериндеги райондордо 37–39 ммге жетет.
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы 3–5 градус жылуу, облустун чыгышында 0–2 градус жылуу болушу күтүлөт. Айрым жерлерде температура климаттык нормадан 1–1,5 градуска жогору болот. Түнкүсүн абанын температурасы -5…+6 градус болуп, чыгышында айрым түндөрү -6…-11 градуска чейин суукташы мүмкүн. Күндүз +1…+16 градус жылуу болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү 1–22 мм, чыгышында 27–46 ммдин тегерегинде.
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы 0…-2 градус суук болуп, айрым жерлерде климаттык нормадан 1–1,5 градуска жогору болушу күтүлөт. Түнкүсүн абанын температурасы -9…+4 градус болуп, айрым күндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +3…+15 градус жылуу болуп, кээ бир күндөрү -3…+2 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү 4–16 ммге жетет.