Алдыдагы аптада кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт?

Коом
Алдыдагы аптада кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Кыргызстанда 27-октябрдан 2-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолун чыгарды. Анда белгиленгендей, өлкөдө өзгөрмөлүү аба ырайы күтүлөт.

Чүй жана Талас облустарында 27-октябрда түнкүсүн, ошондой эле 31-октябрдан 2-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми Талас облусунда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда эки облустун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. 30-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 27-28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-29-октябрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-октябрда Ош жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жалал-Абад облусунда бул күнү жаан-чачын болбойт.

31-октябрда үч облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт.

1-ноябрда Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунда жаан-чачын болбойт.

2-ноябрда үч облуста тең түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында 27-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 28-октябрда Ысык-Көлдө жаан-чачын күтүлбөйт, Нарын облусунда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 29-октябрда эки облуста тең жаан, кар жаашы күтүлөт.

30-31-октябрда Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрда эки облуста тең жаан-чачын болбойт. 2-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.