19-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом
19-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 19-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көл облусунда +7…+12, Нарын облусунда +8…+13 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +20…+22 градус жылуу болору күтүлөт.