Бишкек, 17.11.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Кыргызстанда 17–23-ноябрда боло турчу аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.
Анда белгиленгендей, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. Жуманын экинчи жарымында айрым облустардын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Чүй жана Талас облустары
17-ноябрда эки облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал.
18–21-ноябрда негизинен жаан-чачын болбойт. Ал эми 21-ноябрда күндүз Чүйдүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
22-ноябрда эки облустун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарда кар түшөт. 23-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын жаабайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
17-ноябрда үч облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал.
18–19-ноябрда да жаан-чачын болбойт. 20-ноябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
21-ноябрда Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда күндүз кар жаашы күтүлөт. 22-ноябрда да бул облустун тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Ош жана Баткен облустарында 21–23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жалал-Абадда 23-ноябрда да күн ачык болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустары
17–21-ноябрда эки облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 17-ноябрда Нарындын айрым жерлеринде түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.
22-ноябрда күндүз эки облустун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 23-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт.