Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 13-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Талас облусунда +2...+7 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +6...+8 градусту көрсөтөт.