Төө-Ашууда бороон болуп, жолдо жүрүү кыйындады

Аймак
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда катуу бороон башталып, айдоочулардын жолду көрүү мүмкүнчүлүгү кескин начарлады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бороон жолдун 128-130-чакырымдарында катталып, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын кыйындатууда.

"Учурда жолчулар штаттык режимде иштеп жатышат. Аба ырайына байкоо жүргүзүлүп, бороон токтобосо, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Жол тейлөө кызматкерлери айдоочуларды этият болууга, ылдамдыкты азайтууга жана жол эрежелерин сактоого чакырышты.