10-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом
10-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 10-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Талас облусунда +13...+18, Ысык-Көл облусунда +11...+16, Нарын облусунда +9...+14 градус болушу күтүлөт.

Ал эми абанын табы Бишкек шаарында +18...+20 градуска жетет.