Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 7-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөдө күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Талас облусунда+15...+20, Ысык-Көл облусунда +9...+14, Нарын облусунда +8...+13 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +22...+24 градуска жетет.