Тоолуу аймактарда кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт

Коом
Тоолуу аймактарда кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 12-13-ноябрда аба ырайы туруксуз болуп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Бул күндөрү Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -9 градуска чейин, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу аймактарда -15 градуска чейин суук болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6 градус жылуу аба ырайы сакталат.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, катуу жаан-чачын учурунда көрүү аралыгы начарлайт.

Мындай аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, жол кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн.