Жол жабылат: Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт

Коом
Жол жабылат: Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. 26-30-октябрь күндөрү Боом капчыгайындагы Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакта жол убактылуу жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке аркылуу өткөрүлөт.

"Эгер жолдо 30-40тан ашык унаа топтолсо, алардын өтүшүн камсыз кылуу үчүн кооптуу таштарды түшүрүү иштери убактылуу токтотулат", - деп айтылат маалыматта.