Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө түнкүсүн унаа кыймылы чектелет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа кыймылы Бишкек-1 – Бишкек-2 темир жол өткөөлүнүн 3778-чакырымында, Асаналиев (Некрасов) көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгүндө тосмо түзүлүштү (УЗП) алмаштыруу иштерине байланыштуу убактылуу чектелмекчи.
Чектөө 8, 9, 10 жана 11-октябрда саат 21:00дөн 06:00гө чейин киргизилет.
Иштер этап-этабы менен жүргүзүлөт. Алгач жолдун бир тарабы жабылып, андагы иштер аяктагандан кийин кыймыл экинчи тарабы аркылуу уюштурулат.
Айдоочуларга каттамын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алуу сунушталат.