Бишкек, 18.09.27 /Кабар/. Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, кошумча каттамдар коомчулуктун жана жүргүнчүлөрдүн суроо талабын эске алуу менен киргизилүүдө.
Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыз кылуу жана аталган багыттагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында поезд белгиленген графикке ылайык каттайт.
Поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөрбөгөнү, каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөрү белгиленет.