Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Кыргызстанга 19 вагондон турган эл аралык "Golden Eagle" туристтик поезди кайра келип, Бишкек-2 темир жол бекетине 73 туристти жеткирди.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, туристтер Европанын бир катар өлкөлөрүнөн, АКШ, Жаңы Зеландия, Кытай, Австралия жана Мексикадан келишкен.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү конокторду Бишкек-2 бекетинен салтанаттуу тосуп алышты. Туристтер үчүн улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган жарманке уюштурулуп, комузчулар тобу кыргыздын улуттук күүлөрүн аткарып берди.
1-октябрда туристтер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы туристтик жайлар менен таанышкан. Бүгүн алар Бишкектин тарыхый жана маданий жайларын кыдырышат.
Туристтик каттам Улуу Жибек жолунун тарыхый багыты боюнча уюштурулуп, Кыргызстанды эл аралык туризм багыттарынын бири катары таанытууга багытталган.