Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Транспорт министрлиги темир жолдогу коопсуздук эрежелерин эскертти.
Белгилүү болгондой, күн сайын темир жол аркылуу ондогон поезддер өтөт. Поезддин ылдамдыгы саатына 60 чакырымды түзүп, поезд 1 секундда 17 метр, 1 мүнөттө 1 чакырым аралыкты басып өтөт.
Эгерде машинист жолдо адамдарды, мал-жандыкты же транспортту байкаса, ал дароо шашылыш токтотууну колдонот.
- Бирок поезд дароо токтобойт. Поезддин токтоо аралыгы жүк ташуучу поездде 500 метрден 800 метрге чейин, ал эми жүргүнчү ташуучу поездде 250 метрден 400 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Кыймылдуу курамдын токтоо аралыгы бир катар факторлордон көз каранды: поезддин салмагынан, вагондордун санынан жана түрүнөн, тилкенин эңкейиши же өйдөлөшүнөн, аба-ырайы жана жыл мезгилинен.
Ошондуктан коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү.
- Поезддер өтүп бара жаткан аралыктарда жүрүүгө тыюу салынат;
- Темир жол боюнда басууга тыюу салынат;
- Темир жолду кесип өткөндө телефон жана кулакчын колдонбоңуз;
- Темир жолдун жанында оюндарды уюштурууга болбойт.
Урматтуу ата-энелер!
Балдарыңызга темир жолдун жанындагы коопсуздук эрежелерин дайыма эскертип туруңуздар!