Кыргызстанда 46 миңден ашык бюджеттик кызматкер сентябрь айы үчүн жогорулатылган эмгек акы алат. Кабыл алынган чечимге ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматкер категориясына кирбеген кызматкерлердин, ошондой эле техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдардын эмгек акысы жогорулатылды. Бул максатта 2026-жылы республикалык бюджеттен болжол менен 3,6 млрд сом кошумча каражат каралууда. Ал эми жогорулатылган эмгек акыларды жыл сайын каржылоого болгон муктаждык 10 млрд сомду түзөт.

Эмгек акынын жаңы системасы кимдерге тиешелүү?
Финансы министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин тапшырмаларынын негизинде кабыл алынган чечимдерге ылайык, сентябрь айынан тартып республика боюнча төмөнкү категориядагы кызматкерлердин айлыгы жогорулайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- мамлекеттик кызматкерлердин категориясына кирбеген кызматкерлер;
- мамлекеттик сектордун техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдары;
- күч түзүмдөрүнүн мамлекеттик органдарындагы жалданган жарандык персоналдар.
Мында эмгек акынын өсүшү бардык кызматкерлер үчүн бирдей пайызда жүргүзүлгөн эмес. Анын өлчөмү кызмат ордуна, иштеген жерине, эмгек стажына жана колдонулган кошумча төлөмдөргө жараша айырмаланат.
Финансы министрлигинин Штаттык санды жана эмгек акыны талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, кабыл алынган ченемдерди ишке ашыруунун натыйжасында республика боюнча бюджеттик чөйрөнүн 46 миңден ашык кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу камсыздалып жатат.

“Мында мамлекеттик кызматкерлерлер 18 миңден ашык, муниципалдык кызматкерлер 5 миңден, мамлекеттик кызматкерлердин категориясына кирбеген мекемелик бөлүмдөрдө иштеген кызматкерлер 10 миңден ашык, ошондой эле 8 миңге жакын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдардын эмгек акысынын көтөрүлүшү күтүлүүдө. Эмгек акы төлөмү боюнча буга чейинки мекемелик жана мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүктөрүндөгү кызматкерлердин эмгек акысына токтолсок, мекемеликте 25%га чейин болсо, аймактык бөлүктөгү кызматкерлердики 10%га чейин үстөк акысы болгон. Бул иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары жана ченемге салынбаган иш режими үчүн деп кызматтык маянага карата үстөк акысынын өлчөмү катары төлөм. Бүгүнкү күндө бардыгына тегиз кылып 50%га чейин көтөрүү менен ишке ашып жатат”,- деди Карыпбаев.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун чечими менен жогоруда аталган кызматкерлерге ай сайын берилүүчү 15 миң сомдон президенттик компенсациялык төлөмдөр каралып жатканы маалымдалды. Бул кошумча төлөмдө 15 миң чегерилсе, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин кызматкерлер 13 миң 500 сом алышат.
Айлык канчага көбөйөт? Эмгек акыны жогорулатууга байланыштуу мисалдар
Мисалы, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер боюнча келтирилген эсептерге токтолсок, министрликтеги адистин эмгек акысы жогорулатууга чейин орточо 41 864 сом болсо, жогорулатуудан кийин болжол менен 58 341 сомду түзөт. Салыктар жана социалдык чегерүүлөр кармалгандан кийин колуна 47 886 сом тиет. Өсүш 39,4 пайызды түзөт.
Мекемеге караштуу департаменттердин жана борборлордун адистеринин эмгек акысы 33 592 сомдон болжол менен 53 590 сомго чейин өсүп, чегерүүлөрдөн кийин 60 пайыз өсүш менен 45 388 сомду түзөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын адисинин айлыгы 32 310 сомдон 52 062 сомго чейин жогорулап, 61 пайыз өсүш менен колуна 44 151 сом тиет.
Мамлекеттик органдардын райондук аймактык бөлүмдөрүнүн адисинин эмгек акысы 28 326 сомдон болжол менен 50 535 сомго чейин көтөрүлүп, салыктар жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин 78,4 пайыз өсүш менен 42 913 сомду түзөт.

Облустук маанидеги шаарлардын адисинин айлыгы 32 310 сомдон 52 062 сомго чейин өсүп, 61,1 пайыз өсүш менен колуна 44 151 сом алат. Райондук маанидеги шаарлардын адисинин эмгек акысы 28 833 сомдон 47 916 сомго чейин жогорулап, 66,2 пайыз өсүү менен колуна 40 792 сом тиет.
Ал эми айыл өкмөтүнүн адисинин айлыгы 24 602 сомдон болжол менен 45 515 сомго чейин көтөрүлүп, салыктар жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин 38 847 сомду түзөт. Бул учурда өсүш 85 пайызга жетет. Айрым кесиптерде өсүш 100 пайыздан ашат.
Мамлекеттик кызматкерлердин категориясына кирбеген кызматкерлер боюнча да айлык акынын өсүшү бирдей эмес. Мисалы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын тажрыйбасы жок кызматкеринин эмгек акысы 20 680 сомдон болжол менен 39 816 сомго чейин өсөт. Салыктар жана социалдык чегерүүлөр кармалгандан кийин 92,5 пайыз өсүш менен 33 601 сом алат.
Белгиленгендей, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын айлыгы да көбөйөт. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин арасында техникалык жана кенже тейлөө персоналы бар. Мисалы, КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы бухгалтеринин эмгек акысы 34 045 сомдон болжол менен 53 470 сомго чейин жогорулап, чегерүүлөрдөн кийин 57 пайыз өсүш менен 43 761 сом айлык алат. Мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын иш кагаздарын жүргүзгөн кызматердин маянасы 21 373 сомдон 35 518 сомго чейин өсүп, 66 пайыз өсүш менен колуна 29 220 сом тиет.
Айлыкты жогорулатууга бюджеттен канча каражат бөлүндү?
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн быйыл республикалык бюджеттен болжол менен 3,6 млрд сом кошумча каржылоо каралган. Ал эми жылдык каржылоо муктаждыгы 10 млрд сомду түзөт. Бул каражаттар бюджеттик сектордогу эмгек акы фондунун туруктуу чыгымдарына кошулат. Демек, эмгек акынын жогорулашы бир жолку төлөм эмес, кийинки мезгилдерде да бюджеттен каржылоону талап кылган милдеттенме болуп саналат.

Нурадил Карыпбаевдин айтымында, эмгек акы фондунун көлөмүнүн өсүшү бюджеттин башка чыгымдарын да эске алуу зарылдыгын жаратат.
“Негизи эмгек акыны көтөрүү мамлекет үчүн абдан оор. Анткени, бул коргоодо турган чыгымдардын беренеси деп коет. Ар дайым түшүп турган киреше булактар менен байланыш керек. Быйыл эмгек акыларды көтөргөнгө 75 млрд сомдун тегерегинде акча каралат. Кийинки жылы 100 млрд сомдун айланасында акча керек болот. Мында президентибиз өзүнө жоопкерчиликти алып, элибизди түшүнүү менен ушундай иштерди аткарып жатат”, - деди ал.
Ал эми экономист Искендер Шаршеев эмгек акынын өсүшүн бюджеттин киреше мүмкүнчүлүгү менен байланышта кароо керектигин “Кабар” агенттигине билдирди.
“Мамлекеттик мекемелерде иштегендердин айлыгы бюджеттен төлөнөт. Бюджеттин негизги кирешеси салыктардан, бажы төлөмдөрүнөн жана башка түшүүлөрдөн түзүлөт. Ишканалар көбүрөөк товар өндүрүп, соода жана кызмат көрсөтүү кеңейгенде, бюджетке түшө турган акча да көбөйүшү мүмкүн. Ошол каражаттын бир бөлүгү кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга жумшалат. Экономиканын өсүшүнөн тышкары, салыктардын толук чогултулушу да маанилүү. Мисалы, мурда эсепке алынбай келген соода расмий жүргүзүлүп, андан салык төлөнө баштаса, бюджетке кошумча каражат түшөт. Бул сөзсүз эле салыктын өлчөмүн көбөйтүү керек дегенди билдирбейт. Учурдагы салыктарды туура жана толук кандуу чогултуу да кирешени арттыруунун бир жолу”, - деди Шаршеев.
Эмгек акыны жогорулатууда инфляцияны да эске алуу маанилүү
Экономист эмгек акыны этап-этабы менен жогорулатуу менен катар баалардын өзгөрүшүн да эске алуу маанилүү экендигин белгиледи.

“Айлыкты бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша, этап-этабы менен жогорулатуу, аз айлык алгандарга көңүл буруу жана баалардын өсүшүн эске алуу маанилүү. Ошол эле учурда билим берүүгө, саламаттык сактоого жана башка зарыл иштерге бөлүнгөн каражат жетиштүү болушу керек. Адам үчүн айлыктын өлчөмү эле эмес, ошол акчага канча азык-түлүк сатып алып, канча чыгымын жаба алары маанилүү. Мисалы, айлык 10 пайызга өсүп, баалар да 10 пайызга кымбаттаса, анын сатып алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик өзгөрбөйт. Андан тышкары, элдин колундагы акча көбөйүп, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр жетиштүү көбөйбөсө, бааларга кошумча басым болушу мүмкүн. Ошондуктан айлыкты жогорулатуу өндүрүштү жана ишкердикти өнүктүрүү менен коштолушу керек”, - деди Шаршеев.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-августунда керектөө баалары жана тарифтер 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча 7,6 пайызга өскөн. Демек, эмгек акынын номиналдык өсүшү менен катар анын реалдуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн баалоодо инфляция да эске алынат.
Буга чейин кайсы тармактарда айлык көбөйгөн?
2026-жылы бюджеттик чөйрөдөгү эмгек акыны жогорулатуу бир гана сентябрь айындагы чечим менен чектелген жок. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт тармактарындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылган.

Мисалы, Агартуу министрлиги 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулаганын расмий билдирген. Министрликтин маалыматына ылайык, бул өсүш окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге тиешелүү болгон. Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагында да эмгек акынын жаңы шарттары киргизилген. Медициналык-социалдык экспертиза системасында иштеген кызматкерлердин эмгек акысы апрель айынан тартып орточо 100 пайызга жогорулаганы айтылган. Айрым дарыгер-эксперттердин айлыгы эмгек стажына жана кошумча төлөмдөрүнө жараша 50-60 миң сомго чейин, ал эми бийик тоолуу аймактарда 80-90 миң сомго чейин жеткени маалымдалган.
Жыйынтыктап айтсак, эмгек акыны жогорулатуу боюнча күчүнө кирген жаңы эсептөөлөр сентябрь айындагы эмгек акыга колдонулат. Демек, кызматкерлер биринчи жогорулатылган айлыгын октябрь айынын башында алышат. Мында ар бир кызматкердин айлыгы бирдей суммада же бирдей пайызда эмес экендигин эске алуу керек. Финансы министрлигинин эсептеринен маалым болгондой, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тартып техникалык жана кенже тейлөө персоналына чейинки кызматтар боюнча өсүштүн ар кандай пайызда берилди.
Ошентип, эмгек акынын жогорулашы бюджеттик сектордогу бир катар кызматкерлердин кирешесин көбөйтүү менен гана чектелбестен, мамлекеттик эмгек акы төлөө системасындагы эсептөөлөрдү өзгөрттү. Ошол эле учурда бул саясаттын узак мөөнөттүү натыйжасы бюджеттин туруктуу кирешесине, инфляциянын деңгээлине, мамлекеттик чыгымдардын түзүмүнө жана экономиканын кийинки өсүшүнө байланыштуу болот.