Акысы тез арада берилет: Президент жолчулардын маселесин жеринен чечти

Коом
Акысы тез арада берилет: Президент жолчулардын маселесин жеринен чечти
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолукканда былтыр Өзгөн – Кара-Кулжа жолу оңдолгондо акысын ала албай калган подрядчы ишкананын өкүлү маселесин айтып кайрылды.

Анын белгилешинче, жолчулар Сары-Булак айылында жол салуу иштерине катышкан.

Маселени уккан Садыр Жапаров тез арада эмгек акылары алынып берилерин айтып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берди.