Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Учурда Кыргызстандагы жумушсуздуктун деңгээли 3%га жакындады. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында белгиленгендей, беш жыл мурун жумушсуздуктун деңгээли 5,5% болгон, төмөндөө жаңы жумуш орундарынын жана ишканалардын ачылышы менен байланыштырылууда.
Ошондой эле жыйында орточо эмгек акы да талкууланды. Чоро Сейитовдун айтымында, ал учурда болжол менен 45-49 миң сомду түзөт.
“Мурда ал 17 миң 955 сом болчу. Демек, бул көрсөткүч көбөйдү. Эмне үчүн алар жакшырып жатат? Анткени экономика өсүп жатат”, - деп белгиледи депутат Үмбеталы Кыдыралиев.