Ысык-Көл райондук ооруканасынын кызматкеринин маянасы боюнча министрлик түшүндүрмө берди

Коом Загрузка... 07 Май 2026 12:10
688800615_990422616718440_1183349634165614921_n.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин эмгек акысынын эсептелиши боюнча түшүндүрмө берди.

Анда белгиленгендей, социалдык тармактарда аталган борбордун кызматкеринин эмгек акысы тууралуу маалымат тарагандыгына байланыштуу министрлик саламаттык сактоо уюмунун администрациясы менен биргеликте эмгек акынын эсептелишине текшерүү жана талдоо жүргүздү.

Анын жыйынтыгында кызматкердин ставкасы кыскартылбаганы аныкталды. Кайрылуунун автору стоматология бөлүмүнүн санитаркасы кызматын ээлейт.

Айлык жогорулатылганга чейин анын эмгек акысы 1,5 ставкадан жана зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдү эске алуу менен түзүлүп келген. 2026-жылдын январь–март айларында ай сайын орточо төлөнүүчү сумма болжол менен 14 800 сомду түзгөн.

"2026-жылдын апрель айынан тартып медициналык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин, 1,5 ставка, зыяндуулук үчүн кошумча төлөм жана 5000 сом өлчөмүндөгү президенттик компенсацияны кошо эсептегенде, жалпы эсептелген сумма 32 720 сомду түзүп, колуна 26 741 сом берилген. Кызматкер менен эмгек акыны эсептөө тартиби боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп белгилешти министрликтен.