Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформаларды ишке ашырууда жетишилген натыйжалар үчүн Европа биримдигинен 6 млн евро өлчөмүндө (болжол менен 592 млн сом) гранттык бюджеттик колдоо алды.
Кыргызстандын Финансы министрлигинен билдиришкендей, финансылык колдоо "Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим" (Education Sector Reform Contract, ESRC) программасынын алкагында берилди.
Каражаттар алдын ала эмес, өлкө макулдашылган шарттарды аткарып, белгиленген көрсөткүчтөргө жетишкенден кийин бөлүнөт. Алынган транш Кыргызстандын европалык өнөктөштөр менен макулдашылган реформалардын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруудагы ийгиликтерин тастыктайт.
Программа мектептик билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, билим берүү системасын өркүндөтүүгө жана окуучулардын заманбап компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган. Негизги артыкчылыктуу багыттардын катарына STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, санариптик жана медиасабаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле экологиялык компетенцияларды жана "жашыл көндүмдөрдү" калыптандыруу кирет.
Алынган финансылык колдоо Кыргызстандын билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Европа биримдиги менен кызматташуу адам капиталын чыңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз түзүүгө өбөлгө болот.