Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууга 15 млн доллар багыттоо сунушталууда.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул каражаттын 10 млн доллары насыя, 5 млн доллары грант түрүндө берилет.
Аталган маселе боюнча бүгүн Бишкекте Кыргызстандын делегациясы менен Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр өттү.
Жолугушууда кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жана каражаттарды бөлүүнүн шарттары талкууланды. Анын жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюшту.
Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын делегациясын жетектеген министрдин орун басары Нурбек Букуев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.