Баткенде инвестициялык климатты өнүктүрүү боюнча иш күчөтүлүүдө

Экономика 26 Август 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (7).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (6).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.12 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (7).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (6).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-26 at 15.10.12 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Баткен облусунда инвестициялык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коштоо боюнча иштерди күчөтүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү облустун жетекчилиги менен жолугушуп, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын жана 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүүнүн жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары жана инвесторлор менен мындан аркы кызматташуунун багыттары аныкталды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кызыл-Кыя шаарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашырылып жаткан күн электр станцияларын, турак жай комплексин жана муниципалдык базарды куруу долбоорлору менен таанышты.

Ошондой эле газобетон блокторун, кирпич, курулуш желимин жана инерттик материалдарды өндүрүүчү ишканалардын долбоорлорунун жүрүшү каралды. Мындан тышкары, сурьманы өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча долбоорлор талкууланды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин аймактагы ишмердүүлүгү иштеп жаткан долбоорлорду коштоого, жаралган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө, инвестиция тартууга, жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Улуттук агенттик Баткен облусунун жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, инвесторлор жана финансылык институттар менен кызматташууну улантып, келечектүү долбоорлорду илгерилетүүгө жана аймакка жаңы инвестицияларды тартууга көмөктөшөт.