Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Баткен шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жаштарынын катышуусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аттуу эл аралык форум өтүүдө.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, форум жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды.
Иш-чарада жаштардын достук мамилелерин чыңдоо, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Форум президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын демилгеси жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулду.