Койчиев: Жаштар мамлекеттин эң маанилүү стратегиялык ресурсу

Коом
891512240_1608531313859886_971487618462762026_n.jpg
891043295_1163961742967258_5199066531608069968_n.jpg
888307559_1818356569313151_7441581461160642572_n.jpg
886948956_1412160800903000_5083114549059229971_n.jpg
885185454_1532229618954425_4087218064708796708_n.jpg
887473889_1665142628623715_755066699931009587_n.jpg
Алдыга
Артка
891512240_1608531313859886_971487618462762026_n.jpg
891043295_1163961742967258_5199066531608069968_n.jpg
888307559_1818356569313151_7441581461160642572_n.jpg
886948956_1412160800903000_5083114549059229971_n.jpg
885185454_1532229618954425_4087218064708796708_n.jpg
887473889_1665142628623715_755066699931009587_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Бишкекте Ош шаарынын жаш активисттери менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын өлкөнүн коомдук-саясий, экономикалык жана маданий өнүгүүсүндөгү ролу, ошондой эле кыргызстандыктардын жаңы муунунун алдында турган милдеттер тууралуу пикир алмашуу болду.

Жолугушууга жогорку окуу жайлардын студенттери, Ош шаарынын мэриясынын, аялдар комитеттеринин өкүлдөрү жана түштүк борбордун активдүү жаштары катышты.

Анда өлкөнүн экономикалык жана маданий тармактардагы жетишкендиктери, улуттук баалуулуктарды сактоо, жарандык иденттүүлүктү чыңдоо, ошондой эле заманбап глобалдык чакырыктардын шартында өлкөнү өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Арслан Койчиев жаштар мамлекеттин эң маанилүү стратегиялык ресурсу экенин, Кыргызстандын келечеги көп жагынан алардын демилгелүүлүгүнө, билимдүүлүгүнө, жарандык жоопкерчилигине жана кесиптик сапаттарына көз каранды экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, өлкөгө кеңири масштабда ой жүгүртө алган, жоопкерчиликти өзүнө ала билген жана актуалдуу милдеттерди чечүүнүн заманбап жолдорун сунуштай алган жаңы лидерлер зарыл.

Мамлекеттик катчы Кыргызстандын азыркы дүйнөдөгү ордуна өзгөчө көңүл бурду. Ал XXI кылым тез өзгөрүүлөр, глобалдык атаандаштыктын күчөшү жана жаңы чакырыктардын пайда болушу менен мүнөздөлөрүн белгиледи. Кытай жана Индия сыяктуу ири мамлекеттердин курчоосунда жайгашкан Кыргызстан улуттук кызыкчылыктарга, тарыхый тажрыйбага, маданий мураска жана өзүнө гана таандык иденттүүлүккө таянуу менен өнүгүүнүн өз моделин ырааттуу өнүктүрүшү керек.

Мамлекеттик катчы ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл форумунда өлкөнүн Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев жана кыргыз элинин башка көрүнүктүү өкүлдөрү сыяктуу жаңы маданий элитасын калыптандыруу зарылдыгы тууралуу айткан сөздөрүн эске салды.

Жолугушуу Ош шаарынын жаш өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүү, алардын өлкөнүн келечеги тууралуу көз караштарын жана улуттук өзгөчөлүктү сактоодо, Кыргызстандын интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүүдө жаштардын ролун талкуулоо аянтчасы болду.

Жолугушуунун соңунда жаш муундун коомдук турмушка активдүү катышуусунун, жаратуучулук демилгелерди ишке ашыруусунун жана өлкөнүн кадрдык дараметин калыптандыруусунун маанилүүлүгү белгиленди.