Кыргызстанда Миграция маселелери боюнча жаңы департамент түзүлөт

Президент 28 сентябрь 2026 17:35
Кыргызстанда Миграция маселелери боюнча жаңы департамент түзүлөт
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүн, жүрүүсүн, жашоосун, эмгек ишин, каттоону жана эсепке алууну жөнгө салууну өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын функцияларынын кайталанышын жоюу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 4-беренесине, КР Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Тышкы иштер министрлигинин функциялары чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө, жүрүүсүнө жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусуна байланышкан документтерди тариздөө жана берүү бөлүгүндө өткөрүп берилсин, анын ичинде:

1) Бирдиктүү уруксатты тариздөө жана берүү;

2) Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө жана берүү, ошондой эле тиешелүү маалыматтык системаларды жүргүзүү.

2. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү процессин аутсорсингге өткөрүп берсин.

3. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин функциялары төмөнкүдөй бөлүктөрдө өткөрүп берилсин:

1) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелерин кароо;

3) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жүргөн жери жана жашаган жери боюнча каттоо жана эсепке алуу, анын ичинде тиешелүү маалыматтык системаларды жана базаларды жүргүзүү.

4.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүмүндө ушул жарлыкка ылайык өткөрүп берилүүчү функцияларды ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм катары аныктоо менен Миграция маселелери боюнча департамент уюштурулсун.

5.Министрлер кабинети:

1) ушул жарлыктын 1–3-пункттарында каралган функцияларды өткөрүп берүүнүн уюштуруу-укуктук тартибин аныктасын;

2) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча департаментине тиешелүү штаттык санды, материалдык-техникалык базаны жана башка ресурстарды өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;

3) аяктай элек арыздарды жана материалдарды өткөрүп берүү жана кароо тартибин аныктасын;

4) өткөөл мезгилде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылсын;

5) эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин;

6) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6.Тышкы иштер министрлиги, президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси жана башка мамлекеттик органдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берилүүчү функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтык системаларды, электрондук маалыматтар базаларын, материалдык-техникалык жана башка ресурстарды өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.