Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын өткөрүлүшү, ага катышуу шарттары жана педагогдорду тандоо этаптары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, сынак президенттин демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп, президенттик фонддун каржылык колдоосу менен уюштурулат. Анын негизги максаты — мугалимдерди шыктандыруу жана алардын эмгегине дем берүү.
Министр белгилегендей, үчүнчү жыл катары менен сынактын жеңүүчүсүнө президент тарабынан батир берилүүдө. Ал эми предметтик номинациялардын жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясынын жеңүүчүлөрүнө 500 миң сомдон сыйлык тапшырылат.
“Тандоо жараяны абдан татаал өтөт. Ар биринде психологиялык жана педагогикалык тестирлөө жүргүзүлүп, предметтик компетенттүүлүк аныкталат. Алгачкы этапта тандоо жүргүзүлүп, андан кийин жаңы топ түзүлөт. Сынак бир нече этаптан туруп, сабактар өтүлүп, мугалимдердин чыгармачылык дарамети бааланат”, — деди ал.
Министр сынакта негизги басым сабак өтүүгө жасаларын белгиледи.
Ошондой эле ал сынакка катышууну каалагандардын саны көп болгонун айтты. Сынак төрт этапта — мектептик, райондук, облустук жана республикалык деңгээлдерде өткөрүлөт.