Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Токтогул районунун тургундары менен жолугушуусунда маркум Кубанычбек Капаловдун өлүмүнө байланыштуу маселе көтөрүлдү.
Маркумдун жубайы Индира Капалова жолдошу Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар департаментин жетектеп турган учурда, 2026-жылдын 13-мартында каза болгонун айтып, иштин тергелишине байланыштуу суроолорун ортого салды. Ал бул ишти кайрадан карап чыгууну өтүндү.
Жолугушууда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Капаловдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдашты.
Президент прокурордум өлүмүн тергөөнү өзүнүн көзөмөлүнө аларын айтты.