Ири таштандыларды кантип чыгаруу керек? Мэрия тургундарга кайрылды

Коом
Ири таштандыларды кантип чыгаруу керек? Мэрия тургундарга кайрылды
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Бишкекте ири көлөмдөгү таштандыларды, бак-дарактардын бутактарын жана башка тиричилик калдыктарын алып кетүү боюнча бир жолку акция өткөрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, куураган жалбырактар менен бутактарды баштыктарга салып байлап, эски эмеректерди контейнер аянтчаларынын жанына иреттүү жайгаштыруу керек. Күлдү толугу менен муздатып, бекем баштыктарга салып, башка таштандылардан бөлүп коюу зарыл.

Таштандыларды унаа жүрүүчү жолдорго жана тротуарларга калтырууга, контейнер аянтчаларына баруучу жолдорду тосууга болбойт.

Мэрия акция бир гана жолу өткөрүлөрүн эскертти. Мындан ары ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде өзүнчө жүргүзүлөт.