Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Суучулдар кызматынын адистери бүгүн Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Мекемеден билдиришкендей, анын жүрүшүндө Каракол шаарындагы муниципалдык эс алуу жээгинин суу алдынан болжол менен 120 кг ар кандай таштанды чыгарылды.
"Мындай иштер Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо жана суу алдындагы аймактарды тазалоо максатында жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.