Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Өлкө боюнча суу объектилеринен жалпы 181 миң метр балык уулоочу синтетикалык тор жана 3913 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдөн 116 миң 200 метр синтетикалык тор жана 2627 килограмм таштанды алынган.
Торлор жана таштандылар Бишкектеги таштандыларды өрттөөчү заводго жеткирилип жок кылынды.