Бишкек, 21.11.26. /Кабар/. Бишкекте таштанды чыгаруу акциясынын биринчи күнүндө 198 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-ноябрда шаарда таштандыларды чыгаруу боюнча бир жолку акциянын биринчи күнү жыйынтыкталды.
Таштандыларды чыгарууга жалпы 35 атайын техника тартылды.
“Күн ичинде борбор калаанын төрт районунда тең ”Тазалык“ муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын тазалоо жана ташып чыгаруу иштерин жүргүзүштү. Мындай масштабдуу акциянын негизги максаты — шаар тургундарына үйлөрүндө жана короолорунда топтолуп калган эски, керексиз буюмдардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү”, - деп белгилешти мэриядан.
Эске салсак, бүгүн, 21-ноябрда акция жыйынтыкталат.